Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Урматтуу Кадамжай районунун тургундары!
Таза айлана-чөйрө — ар бирибиздин ден соолугубуздун, жашообуздун жана келечегибиздин негизи. Биз жашап жаткан шаар, көчө, короо — жалпы үйүбүз. Айлана-чөйрөнү тазалоо, сактоо жана коргоо ар бир жарандын милдети.
Келгиле, айланабызды таза сактап, таштандыны атайын орундарга таштап, көргөн жана жолдогу таштандыларга кайдыгер карабай, биргеликте иш алып баралы. Ар бирибиздин чакан аракетибиз чоң өзгөрүүгө себепчи болот.
Тазалык – маданият!
Тазалык – жоопкерчилик!
Тазалык – өзүбүз үчүн!
Жаратылышыбызды тазалап, келечек муундарга кооз жана коопсуз айлана-чөйрөнү калтырууга салым кошолу!






















