Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Урматтуу кесиптештер, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү, мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн камсыздалышы, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы — дал сиздердин күнүмдүк талыкпаган эмгегиңиздердин, жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин, кесипкөйлүгүңүздөрдүн жыйынтыгы болуп саналат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул жөн гана кесип эмес, бул чоң жоопкерчилик жана мамлекет, коом алдында аткарыла турган ыйык милдет. Ар бир мамлекеттик кызматкерден мекенге берилгендик, жогорку моралдык сапаттар, кесиптик компетенттүүлүк, ишти калыс жана ак ниет алып баруу талап кылынат.

Мамлекетибиздин өнүгүшү, элдин турмуш деңгээлинин жакшырышына, өлкөбүздүн мыйзамдарынын, туруктуулугунун жана тартибинин бекемделишине сиздердин эмгегиңиздер зор салым кошуп келет. Сиздер жүргүзүп жаткан иштер, жарандардын муктаждыктарын, көйгөйлөрүн өз учурунда угуп, сапаттуу кызмат көрсөтүү аркылуу элдин мамлекеттик кызматтарга болгон ишенимин арттырууда маанилүү роль ойнойт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубатчылык, бейпил жашоо, элибизге жана мамлекетибизге кызмат кылууда чыңалбаган эрк, ийгиликтер жана жаңы жетишкендиктерди каалаймын!

Урматтоо менен,

Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу