Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Жаңы дайындоо

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине Аскарова Элмира Исраиловна дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Б.Баяке уулу кол коюп, жаңы жетекчи эмгек жамаатына расмий түрдө тааныштырылды.

Элмира Исраиловна — билим берүү чөйрөсүндө көп жылдык тажрыйбасы бар, өз ишине берилген, кесипкөй адис. Ал сапаттуу билимди өнүктүрүү, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана жаш муунга тарбия берүү жаатында бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келген.

Жетекчи катары билим берүү мекемелеринин ишин натыйжалуу уюштуруу, заманбап билим берүү стандарттарын киргизүү жана системалуу реформаларды ишке ашыруу багытында чоң ишеним артууга негиз бар.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жаңы жетекчиге жоопкерчиликтүү кызматында ийгилик каалап, районубуздун билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрөт деген ишенимин билдирет.