Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

“Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Кадамжай шаарында ири көлөмдөгү көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагына ондогон ийне жалбырактуу жана кайың көчөттөрү тигилип, айлана-чөйрөнү жашылдандырууга жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган маанилүү кадам жасалды. Көчөттөрдү отургузуу иши алдын ала даярдалган тилкелерде жүрүп, ар бир дарактын туура отурушуна өзгөчө көңүл бурулду.

Бул иш-чарага райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, Үч-Коргон токой чарбасынын кызматкерлери, Кадамжай муниципалдык тазалык ишканасынын жана жаштар комитетинин мүчөлөрү, ошондой эле Кадамжай шаардык мэриясынын кызматкерлери жигердүү катышты.

Катышуучулар биргелешкен эмгек айлана-чөйрө үчүн чоң салым экенин белгилеп, мындай экологиялык демилгелер мындан ары да улантыларына ишеним артты.

🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲