Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Жазгы талаа иштерине даярдык.

2026-жылдын жазгы талаа иштерине даярдыктарды көрүү иштери учурда райондун аймагында кызуу башталды. Ирргациялык системаларды калыбына келтирүү, тазалоо иштери райондук суу чарба жана айыл аймактардагы муниципалдык ишканалар тарабынан жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата пландалган чарбалар аралык каналдарын 22,3 км аралыктары механикалык жол менен тазалынып бүттү, ал эми ички чарбалык каналдардын 92,7 км аралыктары тазаланды. Аталган жумуштарга жалпы болуп 20 га жакын атайын техникалар тартылды.