Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Жергиликтүү кеңештердин ченем жаратуучу ишмердүүлүгү жана ыйгарым укуктарды ажыратуу боюнча окуу-семинар өткөрүлдү

Кадамжай районунда жергиликтүү кеңештердин ченем жаратуучу ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, ЖӨБ органдары менен аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын так ажыратуу, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин ишин пландоо маселелерине арналган окуу-семинар болуп өттү.

Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баяке уулу Болоткан, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун директору Орозбаев Бектурган Ибраимович, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси Артыков Султан Ураимович, Баткен облусунун юстиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Шералиев Хамид Аралович, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчылары, айылдык жана шаардык кеңештердин төрагалары катышты.

Окуу-семинарынын жүрүшүндө катышуучулар ченемдик укуктук актыларды даярдоодогу практикалык аспектилер, кеңеш менен аткаруу органының ортосундагы функциялык чектөөлөр, коомдук талкуулардын ролу жана жергиликтүү деңгээлдеги башкаруунун укуктук тартип-эрежелери боюнча кеңири маалымат алышты.