Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-жылда аткарган иштери боюнча маалыматтар берилүүдө.

Аким Б.Баяке уулунун тапшырмасына ылайык график бекитилип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте 2024-жылдын иш планынын аткарылышы жана 2025-2026-2027-жылдарга карата аткарылуучу иш пландар талкууланууда.

Графике ылайык бүгүн 2025-жыл 9-январь Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы акимдин биринчи орун басары-Б.Коргонбаевдин жетекчилиги астында Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бакиров, Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатов, Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досанов 2024-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалымат берди.

Жогорудагыга негиз тиешелүү тапшырмалар берилди.