Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Жерлерди туура пайдалануу
2026-жылдын 6-июлунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Жыйында 2021–2025-жылдар аралыгында трансформацияланган жерлердин максаттуу пайдаланылышы, жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу фактылары, ошондой эле жол боюндагы мыйзамсыз курулуштарды жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү талкууланды.
Ошондой эле күн тартибинде каралган көйгөйлүү маселелерди мындан ары чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, жооптуу мекеме-уюмдардын жетекчилерине конкреттүү милдеттер жүктөлдү.




