Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча көчмө комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү

2025-жылдын 23-сентябрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын имаратында Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча көчмө комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү

Жыйынга Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Токсонбаев Бактыбек Токсонбаевич, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баяке уулу Болоткан, ошондой эле облустук жана райондук жетекчилер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги маселелер көтөрүлүп, көйгөйлөрдү жоюу багытында бир топ чечимдер кабыл алынды.