Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
ЖРТга ишенимдүү кадам
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баяке уулу Болоткандын демилгеси жана тапшырмасы менен бекитилген жобонун негизинде, Кадамжай шаарындагы "Семетей" лицейинин базасында райондун аймагындагы 11-класстардын билим сапатын жогорулатуу жана окуучулардын Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыгын күчөтүү максатында 300дон ашуун окуучулар тест тапшырды. Тесттен эң алдыңкы жетишкендиктерди камсыз кылган 20 окуучуга өзгөчө белектер берилет.