Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

“ЖРТга ишенимдүү кадам” сынамык тестинин жеңүүчүлөрү сыйланды

Кадамжай районунун 11 класстын окуучуларына ЖРТнүн сынамык тести уюштурулду. Ага райондун аймагынан 70 мектептен 312 окуучу катышты. “ЖРТга ишенимдүү кадам” сынамык тестинин жобосу иштелип чыгып, анын алкагында жогорку балл алган 20 окуучуга окуу курсуна окуу үчүн акысыз сертификаттар тапшырылды. Ал үчүн Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин резервдик фондунан акча каражаты бөлундү. Жеңүүчүлөрду аким куттуктап, ЖРТдан жогорку балл алып, “Алтын сертификат” ээлеринин чыгуусуна шарттарды түзүп берди.