Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
2026-жылдын 25-мартында, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын имаратында Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жукенов Улан Койчуевичдин жетекчилигинде эл менен жолугушуу өткөрүлүп, ага жалпы 293 жаран катышты.
Аталган жолугушууга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Баяке уулу Болоткан, райондук мекеме-ишкана жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, айыл башчылар жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө райондогу коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.
Жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жооптор берилди. Жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилерине тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын көзөмөлдөө белгиленди.













