Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата жыйын болуп өттү

2025-жылдын 8-декабрында Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата Үч-Коргон айыл аймагына караштуу

№115 кесиптик лицейинде жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга прокуратуранын өкүлдөрү, лицейдин жетекчилиги, мугалимдер жана студенттер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө прокуратура кызматкерлери катышуучуларга мыйзамдуулукту бекемдөө, коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамлекет жана коом үчүн мааниси, ошондой эле жаштар арасында укуктук аң-сезимди жогорулатуу жана ар бир жаран мыйзамдуулукту сактоодо жеке жоопкерчиликтүү болушу керектиги баса белгиленди.