Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

БААРЫБЫЗ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫБЫЗ ЖАНА БАЛДАР АРАСЫНДА ЗОРДУК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ

БААРЫБЫЗ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫБЫЗ ЖАНА БАЛДАР АРАСЫНДА ЗОРДУК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ

Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 8-декабрында “Баарыбыз коррупцияга каршыбыз” сынагынын катышуучуларынын плакаттарынын жана видеороликтеринин көргөзмөсү менен ачык эшик күнү уюштурулган.

Анда, балдардын плакаттары жана видеороликтери боюнча баяндамалар угулуп, жаштар арасында коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укуктук билимдерин жогорулатуу максатында, райондук прокуратура тарабынан лекциялар окулуп, прокуратура органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүүгө жана ага каршы күрөшүгө өзүнчө жана өзгөчө маани берери белгиленди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын калыптанышына жана тарыхына токтолуп, мугалимдердин жана окуучулардын кызыккан суроолоруна жооптор берилди.

Мындан сырткары, жолугушууда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын абалы, анын алдын алуу иштерин күчөтүүнү, ошондой эле “Үй-бүлөлүк зордук зомбулук” “Өз өмүрүнө кол салуу” сыяктуу коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдүн алдын алуу жана жаш өспүрүмдөрдүн мыйзам менен корголгон укук-милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.