Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
Кадамжай районунда Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Кеңешме өттү

Кадамжай районунда Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Кеңешме өттү
2025-жылдын 28-мартында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Кеңешмесинин кезектеги отуруму болуп өттү. Ага райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышып, төмөнкү маанилүү маселелер каралды:
1. Аткезчиликке каршы күрөш: Райондун аймагында аткезчиликке каршы жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдын алуу чаралары талкууланды.
2. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу: Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ошондой эле жашы жетелек өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш чаралар жандандырылары белгиленди.
3. Коррупцияга каршы аракеттенүү: Райондук мекеме-ишканаларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча чаралар көрүлөрү каралды.
4. Жайыттарды көзөмөлдөө: Район аймагындагы жайыттардын пайдаланылышын көзөмөлгө алуу жана коншу Өзбек Республикасынын жарандарынын малдарынын жайыттарга чыгышын көзөмөлдөө маселеси көтөрүлдү.
5. Ар түрдүү маселелер: Башка бир катар маанилүү маселелер боюнча талкуулар болуп, районду өнүктүрүү үчүн жаңы кадамдар аткарылышы белгиленди.
Мындай кеңешмелер районду өнүктүрүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо үчүн маанилүү кадамдар болуп саналат.