Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулунун жетекчилиги алдында Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча райондук кеңешменин жыйыны өткөрүлдү.

2026-жылдын 13-мартында Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулунун жетекчилиги алдында Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча райондук кеңешменин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында район аймагында унаа жол кырсыктарын алдын алуу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, аткезчиликке каршы көрүлүп жаткан чаралар жана райондук мекеме-ишканаларда, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы каралды.

Жыйынтыгында район акими тиешелүү мекеме-уюмдарга коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту сактоо жана алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.