Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

Кадамжай районунун прокуратурасы жана райондун аймагын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлер менен жолугуу болуп өттү.

Кадамжай районунун прокуратурасы жана жергиликтүү бийлик тарабынан контролдоочу органдардын кызматкерлеринин катышуусунда, райондун аймагын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлер менен жолугуу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге төмөнкү маселелер боюнча кеңири маалыматтар берилип, мыйзамсыз текшерүүлөр болгон учурда эмне кылуу керектиги, уруксаттарды жана лицензияларды алуу тартиби, коррупция жана өзүм билемдиктен кантип коргонуу зарылдыгы.

Ошондой эле, ишкердик субъектилеринин укуктары бузулган учурларда кайда кайрылуу керек экени маалымдалып, берилген маалыматта эгерде ишкер мыйзамсыз аракеттерге туш болсо, анда төмөнкү жолдор менен жардам алуу мүмкүндүгү түшүндүрүлдү.

1. ИШЕНИМ ТЕЛЕФОНДОРУ

Ар бир прокуратурада ишеним телефондору иштейт, алар аркылуу мыйзам бузуулар тууралуу кабарласа болот. Телефон номерлерин Башкы прокуратуранын расмий сайтынан же жергиликтүү прокуратурадан алууга болот.

2. "БИЗНЕСТИ КОРГОО" МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИ

Зарыл учурда прокуратура органдарына ыкчам кайрылуу үчүн "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси иштейт. Тиркеме iOS жана Android түзмөктөрү үчүн жеткиликтүү.

3. ЖЕКЕЧЕ КАЙРЫЛУУ

Жакынкы прокуратурага барып, арыз жазып, керектүү документтерди тапшыруу мүмкүн.

4. ОНЛАЙН КАЙРЫЛУУ

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына кирип, электрондук кайрылуу формасын толтуруу да каралган.