Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРУУ ТАЛАБЫ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАДАМЖАЙ РАЙОН АЙМАГЫНДАГЫ ШААРДЫК МЭРИЯЛАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНА МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРУУ ТАЛАБЫ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ.
Кадамжай районунун прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан райондун аймагындагы шаардык мэриялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын жетекчиси, Кадамжай райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси жана адистери менен мамлекеттик сатып алуулар боюнча жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда жер мыйзамдарынын, коррупцияга каршы аракеттенүү жана "Мамлекеттик сатып алуулар"- жөнүндө мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын аткарылышы боюнча тийиштүү суроолоруна жооп алышты.
Прокуратуранын кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын, Кадамжай райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилеринен өз ишмердүүлүгүндө аталган мыйзамдарды так, кынтыксыз аткарууну жана сактоону, кызматкерлердин арасында коррупциягендик факторлордун орун алышына жол бербөө, алдын алуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнү талап кылышты.