Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
Улуттук коопсуздук комитетинин Кадамжай райондук бөлүмүнүн демилгеси менен жыйын уюштурулду.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Улуттук коопсуздук комитетинин Кадамжай райондук бөлүмүнүн демилгеси менен жыйын уюштурулду. Аталган жыйынга райондогу бардык мектептердин директорлору, бала бакчалардын башчылары жана жергиликтү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жалпы 140 дан ашык жаран катышты.
Жыйында, коррупциянын алдын алуу, билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултуу, алдыда боло турган шайлоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Андан сырткары кошумча зордук- зомбулук, уурулук, эрте никеге туруу, сарыктын А түрүнүн алдын алуу ж.б у. с маселелер кеңири талкууланып жыйынтыкталды.