Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

2024-жылдын 09-декабрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Юридикалык акысыз жардам кеңсесинин ачылуу аземи болуп өттү.

Ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү А. Соловьева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы А. Сабырович, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси М.Абдураимов жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты