Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
2025-жылдын 5-апрелинде Кадамжай районунда аким Баяке уулу Болоткандын демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен облустук деңгээлде чоң марафон өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү» №23 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы №600 токтому менен бекитилген “2019-2030-жылдарга калктын ден-соолугун сактоо боюнча “Ден соолугу чың адам–өнүккөн өлкө” программасын жана токтомун ишке ашыруу максатында, ошондой эле 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн КОНЦЕПЦИЯСЫ негизинде, бүгүн Кадамжай районунда аким Баяке уулу Болоткандын демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен облустук деңгээлде чоң марафон өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын бардык айыл аймактарынан 1000ге чукул аялдар активдүү катышты.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Исаков Жаныбек Маматович жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы Кадамжай жаштар кеңешинин мүчөлөрү да катышты.
Мындан сырткары, марафондун жыйынтыгы менен уюштуруучуларга жана катышуучуларга Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин ардак грамоталары, Баткен облусунун спорт комитетинин дипломдору тапшырылды.