Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
Аймактын экономикалык өнүктүрүү долбоору старт алды

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында 2024-жылдын 24 –январында Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратында Класстердик өнүктүрүү кеңешинин жүргүзгөн иштеринин абалы жана “Агровей” компаниясынын маалыматтык жолугушуусу өткөрүлдү.
Райондун аймагындагы жеке ишкерлер, үрөн, дыйкан-фермердик чарбалардын башчылары, айыл чарба кооперативдеринин башчылары, жер адистери , муздатып сактоочу цехи бар ишкерлер, кызыктар тараптар менен жолугушуу өткөрүлүп, Агровей компаниясы тарабынан графикке негиз түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аймактын экономикасын өнүктүрүү долбоорунун алкагында облустун агро секторунун кошумча нарк чынжырларын түзүү жана жемиштүү өнөктөштүктү өнүктүрүү долбоорунун алкагында 700 млн. товардык насыя сунушталат. 1 % өлчөм, кайтарып берүү мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга чейин эки жылдык жеңилдетүүсү бар.
Товардык насыяларды алуучулардын катарына айыл чарба өндүрүүчүлөр, айыл чарба кооперативдери, урөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, логистикалык борборлор, агрегаторлор ( кайра иштетүүчү ишканалар) кирет. Долбоор 2024-жыл ичинде ишке ашырылат.