Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
Айыл чарба – аймак өнүгүүсүнүн негизги багыты

Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу Исхак Полотхан, Молдо Нияз жана Ак-Турпак айыл аймактарына иш сапар менен барып, айыл чарба тармагындагы иштер менен жеринде таанышты.
Сапардын алкагында аким Б.Баяке уулу “Мол Түшүм Кадамжай”, “Жеке ишкер бак плантациясы”, “Рональдо” жана “Миң-Чынар” фермердик чарбаларына барып, тоют үчүн буудай эгилген талааларды көрдү. Ошондой эле, автоматташтырылган “Акжуваз” ишканасына барып, анын иш процесси менен таанышып чыкты.
Бул сапардын максаты – айыл чарбасындагы абалды жеринен көрүү жана дыйкандарга колдоо көрсөтүү болду.