Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында атайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйынтыгында Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында 2024-жылга карата Кадамжай районунун аймагынан сунушталган 94 млн сомдук 7 долбоорду бүгүнкү күндө толугу менен жылдын аягына чейин бүтүрүп, ишке ашыруу тапшырмалары берилди.
Андан тышкары райондук өнүктүрүү фондунун жана шаардык мэриялардын, айыл өкмөттөдүн бюджеттериндеги иштетилбей турган акча каражатарын өздөштүрүү иштерин колго алуу жагы айрым жетекчилерге милдеттендирилди.