Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
Кадамжай районунда чакан ГЭСти куруу долбоору ишке ашууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы “2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатын киргизүү" программасын бекитүү жөнүндө” №328 токтомду аткарууга алынууда.
Бүгүнкү күндө Майдан айыл аймагынын Исфайрам дарыясынын нугунда “Ак-Буура Групп” ЖЧКсы тарабынан 4 МВт кубатуулугунда, сметалык 2,81 млн АКШ долларын түзгөн алгачкы долбоордун курулуш иштери 100% аяктап, кыймылдаткычтарын орнотуу иштери жүрүп жатат. 2024-жылдын март айына карат ишке киргизүү пландалууда.
Майдан айыл аймагынын Кожо-Кайыр каналынын нугунда жеке ишкер Б.Камалов тарабынан 300 КВт кубаттуулугунда, сметалык баасы 300 мин АКШ долларын түзгөн долбоордун курулуш иштери аяктаган. Ишке киргизүү үчүн генераторлору экспертизадан өткөрүлүүдө. 2024-жылга карата ишке берүү пландалууда.
Орозбеков айыл аймагына “Ала-Тоо Гидро” ЖЧКсына 2,4 МВт кубаттуулугундагы кичи ГЭСин куруу үчүн 1,71 га жер аянты траснформацияланып берилген. Учурда курулуш иштеринин долбоорлору даярдалып жатат. 2024-жылдын апрель айына долбоорлоо иштери бүтөт жана курулуш иштери башталат. Ошондой эле Көтөрмө айыл аймагынын Кара-Шоро участкасынан “Кара-Казык” ЖЧКсына 2,5 МВт кубаттуулугундагы кичи ГЭСин курулушуна 6,45 га жер аянты трансформацияланып берилди. Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары Майдан жана Уч-Коргон айыл аймактарындагы Сурма-Таш мамлекеттик коругунан 2,30 га жер аянтын кичи ГЭС куруу үчүн ылайыктуу болгондуктан КРнын Министрлер кабинетинин алдындагы “Жашыл энергетика” мамлекеттик фондуна өткөрүп берүү үчүн комиссиянын кароосунда каралды, учурда трансформациялоо үчүн КРнын Министрлер Кабинетине жиберилди.
Жергиликтүү тургундар арасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатын киргизүү боюнча тиешелүү мекеме ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иш аракеттер аткарылып жаткандыгын маалымдайт.