Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
Кадамжай районунун аймагында жайгашкан Котур булак булагын реконструкциялоо иштери башталат. Долбоорду №46 ишканасы тарабынан куруу жана жаңылоо иштери жүргүзүлөт.
Реконструкциялоонун негизги максаты – булактын инфраструктурасын жаңыртуу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат. Долбоордун алкагында булактын айланасы тазаланып, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, керектүү курулуш жана оңдоо иштери аткарылат.
Бул иш-чара аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, ошондой эле жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.




