Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн убактылуу комиссия тарабынан 2026-жылдын 16-мартында социалдык контракт программасы боюнча бизнес-долбоорлор кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы №385 токтомун ишке ашыруунун алкагында, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн убактылуу комиссия тарабынан 2026-жылдын 16-мартында социалдык контракт программасы боюнча бизнес-долбоорлор кабыл алынды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагынан социалдык контракт алууга кызыкдар болгон 100 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөнүн бизнес-долбоорлору сунушталып, каттоого алынды.Ал эми 2026- жылга бөлүнгөн квота 731 түзөт.
Мындан тышкары, социалдык контрактка катышкан жарандарга мал-жандыктарды туура тандоо, өз убагында эмдөөдөн өткөрүү жана СИОЖ системасына каттоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Социалдык контракт программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо менен алардын киреше табуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана жашоо шартын жакшыртууга багытталган.


