Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

Райондун өнүктүрүү фонду.

Бүгүн райондун акими Баяке уулу Болоткандын жетекчилиги астында райондун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин отуруму болуп өттү. Отурумда 2026-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана райондогу жеке ишкерлер тарабынан сунушталган социалдык, экономикалык долбоорлор каралды. Жыйынтыгында келип түшкөн долбоорлордун ичинен 6 социалдык жана 6 экономикалык долбоорлор колдоого алынды.