07 август 2026
Кароолор: 8
🤱 Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен азыктандыруу жумалыгы белгиленүүдө

2026-жылдын 1–7-август күндөрү өлкө боюнча Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен азыктандыруу жумалыгы белгиленүүдө.
Бул жумалыктын алкагында Кадамжай районунда энелердин жана балдардын ден соолугун чыңдоо, эне сүтүнүн баалуулугу тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана ымыркайларды эне сүтү менен азыктандырууну колдоо максатында бир катар маалыматтык жана агартуу иш-чаралары өткөрүлүүдө.
Иш-чаралардын алкагында Орозбеков, Исхак-Полотхан, Молдо-Нияз жана Майдан айыл аймактарында маалыматтык акциялар уюштурулуп, саламаттык сактоо кызматкерлери энелерге эне сүтү менен азыктандыруунун артыкчылыктары, анын эне менен баланын ден соолугу үчүн мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти.
Эне сүтү – наристе үчүн эң пайдалуу, коопсуз жана табигый азык. Ал баланын туура өсүп-өнүгүшүнө, иммунитетинин чың болушуна жана ар кандай оорулардын алдын алууга чоң салым кошот.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы бардык энелерди жана үй-бүлөлөрдү бул маанилүү демилгени колдоого чакырат.
🤱 Эне аман – бала аман!