29 август 2026
Кароолор: 2
🇰🇬 Кадамжай районунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата массалык ишембилик өткөрүлдү

Кадамжай районунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата массалык ишембилик өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Кадамжай районунун аймагында массалык ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө мекеме-ишканалардын айланалары жана көчөлөр тазаланып, негизги унаа жолдорунун жээктериндеги чөптөр чабылды. Ошондой эле бак-дарактар сугарылып, айрым аймактарда актоо-сырдоо иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, айыл аймактардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар активдүү катышып, санитардык тазалыкты камсыз кылууга өз салымдарын кошушту.
Тазалыкты сактоо — жалпыбыздын милдетибиз. Ар бирибиз өз аймагыбыздын тазалыгына кам көрүү менен Кадамжай районунун таза жана көрктүү болушуна салым кошо алабыз.
Эгемендүүлүгүбүздүн 35 жылдыгы кут болсун!