17 август 2026

Кароолор: 5

🏥 Кадамжай районунда саламаттык сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын кезектеги отуруму өттү

2026-жылдын 17-августунда Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун калкынын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө район аймагындагы санитардык-эпидемиологиялык абал, оорулардын алдын алуу жана калктын ден соолугун чыңдоо багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу тиешелүү адистердин маалыматтары угулду.

Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды:

🔹 ичүүчү суунун санитардык-гигиеналык абалы жана калкты коопсуз суу менен камсыз кылуу;

🔹 соода-сатык жайларындагы жана базарлардагы коомдук тамактануу объектилеринин санитардык абалы;

🔹 кургак учук оорусунун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер;

🔹 эне менен ымыркайдын өлүмүнүн алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер;

🔹 эмдөөдөн баш тарткан жарандар арасында түшүндүрүү иштеринин жүрүшү;

🔹 кутурма, бруцеллез, сибирь жарасы, эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларынын алдын алуу;

🔹 ичеги-карын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер.

Талкуунун жыйынтыгында оорулардын алдын алуу, эне менен ымыркайдын коопсуздугун камсыз кылуу, профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

🤝 Калктын саламаттыгын сактоо – биргелешкен жоопкерчилик!