14 июль 2026

Кароолор: 3

⚠️ Коопсуздук эрежелерин сактоо – ар бирибиздин милдетибиз!

📍Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагына караштуу Учкун айылындагы «Ак-Суу» эс алуу лагеринде Кадамжай району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өрт коопсуздугун алдын алуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жай мезгилинде сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө лагердин жетекчилерине жана тарбиялануучуларына коопсуздук боюнча эскертме баракчалары таратылып, керектүү сунуштар берилди.

⚠️ Коопсуздук эрежелерин сактоо – ар бирибиздин милдетибиз!