04 июнь 2026
Кароолор: 4
📢 Урматтуу ата-энелер!

Урматтуу ата-энелер!
Жай мезгилинде балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну өтүнөбүз. Балдарды суулардын, каналдардын, арыктардын жана көлмөлөрдүн жээгине кароосуз жибербеңиздер. Айрыкча сууга түшүү учурунда аларды дайыма көзөмөлдөп туруңуздар.
Балдарга суудагы коопсуздук эрежелерин түшүндүрүңүздөр;
Кооптуу аймактарда ойноого жол бербеңиздер;
Чоңдордун коштоосуз сууга түшүүсүнө тыюу салыңыздар;
Ар бир баланын кайда жүргөнүн көзөмөлдөп туруңуздар.
Урматтуу ата-энелер, балдардын өмүрү жана ден соолугу баарынан кымбат. Бир мүнөттүк көзөмөлсүздүк орду толгус кайгыга алып келиши мүмкүн.
Балдарыбыздын коопсуздугуна кайдыгер карабайлы! Ар бирибиздин жоопкерчилигибиз — бир өмүрдү сактап калууга жардам берет.
Сактык — өмүрдү сактайт!
Балдарыңызды көзөмөлсүз калтырбаңыздар