13 май 2026
Кароолор: 4
📢 Урматтуу район тургундары жана жаштар!

2026-жылдын 15-май күнү саат 11:50дөн 16:00гө чейин Орозбеков айылдык аймагынын Кудук айылындагы №40 Күлдү мектебинин аянтында «Көндүмдөр кербени» аттуу маалыматтык-агартуучулук иш-чара өткөрүлөт.
Иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан колдоого алынган «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында уюштурулуп, жаштардын жана жарандардын кесиптик өнүгүүсүнө, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Иш-чаранын алкагында:
Келечектүү кесиптер тууралуу маалыматтар;
Кыска мөөнөттүү окуу курстары боюнча тааныштыруу;
Бош жумуш орундар жарманкеси;
Мастер-класстар;
Кесиптик окутуу борборлорунун көргөзмөлөрү;
Концерттик программа уюштурулат.
Иш-чарага 16–35 жаштагы жаштар, жумушсуз жарандар, ишкерлер жана бардык каалоочулар чакырылат.
Келиңиздер, пайдалуу маалымат алып, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен таанышыңыздар!
Сурап билүү үчүн төмөнкү номерге байланышсаңыз болот:
Тел:+996 770 644 304