01 июль 2025

Кароолор: 11

1-июль — Салык кызматкерлеринин күнү белгиленди

Салык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Кадамжай районунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б.Баяке уулу катышып, район аймагындагы салык органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Аким өз сөзүндө салык системасынын мамлекеттин экономикасындагы өзгөчө ордун белгилеп, бул тармакта эмгектенген кызматкерлердин талыкпаган эмгегине жана жогорку жоопкерчилигине терең ыраазычылык билдирди.

Кадамжай районунда да сиздердин жигердүү жана жоопкерчиликтүү ишиңиздердин аркасында мыйзамдуулук жана тартип сакталууда. Ар бир жаранга, ишкерге, уюмга мыйзам чегинде мамиле кылып, ɵзүңүздөрдүн кесипкөйлүгүңүздөр жана ак ниет эмгегиңиздер менен коомдун ишенимине ээ болуп келе жатасыздар.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, талыкпас эмгек жана жаңы ийгиликтерди каалайм! Ишиңиздер дайыма өркүндөп, мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар мындан ары да арта берсин!

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин так жана жоопкерчилик менен аткарган бир катар салык кызматкерлери "Ардак грамота" жана "Ыраазычылык катты" менен сыйланышты.