01 октябрь 2026
Кароолор: 7
1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнү белгиленди

1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Кадамжай районунда жалпы улгайган жарандарга өзгөчө сый-урмат көрсөтүлүп, майрамы менен куттуктоо иш-чаралары өткөрүлдү.
Бул күнгө карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Досматов Камчыбек Султанмуратович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Каримбердиева Максатай Мамытбековна жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу район аймагындагы улгайган жарандардан кабар алып, аларды майрамы менен куттукташты.
Ошондой эле район аймагындагы шаар мэрлери жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары жергиликтүү аймактарда жашаган улгайган жарандардан кабар алып, аларга жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.
Жолугушууларда улгайган адамдарга терең урмат-сый көрсөтүлүп, аларга чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк тынчтык жана бейпил карылык каалоолору айтылды.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы жалпы улгайган жарандарды 1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо каалайт.
Улуу муунга болгон урмат-сый — элибиздин кылымдардан бери келе жаткан асыл баалуулуктарынын бири. Карыяларыбыздын акыл-насааты, батасы жана турмуштук тажрыйбасы кийинки муун үчүн баа жеткис мурас болуп саналат.