16 сентябрь 2024
Кароолор: 102
14-сентябрда Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы аким Болоткан Баяке уулу жетектеген аппарат кызматкерлери, район аймагынын мекеме ишкана жетекчилери, жаштар комитеттеринин катышуусунда Кадамжай районунун аймагында тазалык куну белгиленди

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 14-сентябрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы аким Болоткан Баяке уулу жетектеген аппарат кызматкерлери, район аймагынын мекеме ишкана жетекчилери, жаштар комитеттеринин катышуусунда Кадамжай районунун аймагында тазалык күнү белгиленди.
Ага байланыштуу айыл аймактарда ишембиликтерди тиешелүү деңгээлде уюштуруу, бардык мекеме ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан) кызматкерлерин катыштырып, ишембиликтин жүрүшүн массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылды, жарандарды ишембиликке катышууга үндөө иш чаралары алдын ала жүргүзүлүп (видео ролик даярдалды) атайын техникалар уюштурулуп, таштандылар өз убагында таштанды таштоочу жайга полигондорго ташылып чыгарылды.