15 июль 2024
Кароолор: 94
2024-жылдын 10-июлунда “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Бишкек шаарында Аймактардын Форуму болуп өттү

2024-жылдын 10-июлунда “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Бишкек шаарында Аймактардын Форуму болуп өттү. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорун (мындан ары – Долбоор) Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келүүдө. Бул Долбоор кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу аркылуу калктын жашоо сапатын жакшыртуу максатын көздөйт.
Бул Форумга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көйгөйлүү маселелерин талкуулоо, ЖӨБдө ийгиликтүү тажрыйбаларды жайылтуу, мамлекеттик органдардын калк менен өз ара байланышын түзүү үчүн платформа болуп берет.
Аталган форумга Орозбеков, Майдан жана Уч-Коргон айыл аймактары пилоттук болуп, тандалып райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары, төрагалары катышышты.