16 июль 2024

Кароолор: 99

2024-жылдын 13-14-июль күндөрү Кадамжай районун Гавуян жайлоосунда жаштар үчүн эки күндүк "Эко Лагерь" уюштурулуп, анда Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын жаштары катышты.

2024-жылдын 13-14-июль күндөрү Кадамжай районун Гавуян жайлоосунда жаштар үчүн эки күндүк "Эко Лагерь" уюштурулуп, анда Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын жаштары катышты.

Аталган лагерде жаштарга "Экология", "жаратылышты коргоо", "биотүрдүүлүктү сактоо", "жашыл көндүмдөр", "лидерлик", "жашыл экономика", оратордук чеберчилик" жана "өзүн-өзү өнүктүрүү" багыттарында билимдер берилди. Мындан сырткары лагерь окутуу жана билим берүү менен чектелбестен, түрдүү оюндар, эстафеталар менен да жаштардын эсинде калды.

Лагерди уюштурууда жана каржылоодо “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси, Европа биримдиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жакындан жардам берди.

Ошондой эле жергиликтүү денгээлде уюштуруу жана башка маселелерде Кадамжай районун мамлекеттик администрациясы колдоо көрсөттү. Жыйынтыгында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Асанова Мээркан Мийзамовна тарабынан катышуучуларга тастыктамалар тапшырылды.