26 апрель 2024

Кароолор: 13

2024-жылдын 20- апрель “Улуттук тазалык күнүнө” карата Кадамжай районунун аймагында массалык ишембилик өттү.

   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү 2023-2025- жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кадамжай районунун аймагында 2024-жылдын 20-апрель күнү массалык ишембилик өткөрүлдү. Өнөктүккө район боюнча 5000ден ашуун жарандар активдүү катышты.

Негизги жол четтери, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы, айылдардын жолдору таштандыдан тазаланып, актоо-сырдоо иштери жүргүзүлүп, ирээтке келтирилди. Ошондой эле, жашыл бак-дарактын санын көбөйтүү максатында түрдүү бак-дарактар, көп жылдык жана бир жылдык гүл көчөттөрү отургузулууда.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан ар бир айыл өкмөт, мекеме-ишканалары өзүнө тийиштүү жана кошумча аймактарда иш алып баруу боюнча тапшырма берилип, ишембиликтер жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Анын алкагында социалдык обьектилердин айланасын жана жолдун жээктерин тазалоо ж.б. иштери камтылды.

“Улуттук тазалык күнү” өнөктүгүнө мекеме-ишканалар көп кабаттуу үйлөрдүн айланасына гүл көчөттөрүн отургузуп, санитардык-экологиялык абалды жакшыртууга салым кошушту. Үч айлыктын алкагында шаарларда, айыл аймактарды таза кармоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иши мындан ары да улантылмакчы.