26 август 2024

Кароолор: 101

2024-жылдын 20-август күнү Кадамжай районунда "Заманбап санарип жаштар глобал 2024" иш-чарасы болуп өттү.

2024-жылдын 20-август күнү Кадамжай районунда "Заманбап санарип жаштар глобал 2024" иш-чарасы болуп өттү.

Ага Кадамжай районунун аймагынан 17 жаштан 35 жашка чейинки 200 гө жакын жаштар катышып, жаштарыбыз санариптештирүү, жашыл көндүмдөр, экология, лидерлик, оратордук чеберчилик багыттарында билимдерге ээ болушту!

Аталган иш-чара Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу тарабынан колдоого алынып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Акимдин орун басары М.Асанова иш-чарага катышып, жаштарга ийгиликтерди каалап, 200 катышуучуга активдүү катышкандыгы үчүн тастыктамаларды тапшырды.

Иш-чараны уюштурууда жана каржылоодо райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси, Европа биримдиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдиребиз