28 август 2024
Кароолор: 107
2024-жылдын 27-августунда 2024-2025-жаңы окуу жылынын башталышына арналган Кадамжай районундагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмеси өткөрүлдү.

Билим берүүгө 100-жыл, трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор.
Бүгүн, 2024-жылдын 27-августунда 2024-2025-жаңы окуу жылынын башталышына арналган Кадамжай районундагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмеси өткөрүлдү.
Бул кеңешмеге Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баяке уулу Болоткан катышып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүүнү трансформациялоону ишке ашыруу жана 2023-2024-окуу жылындагы ийгиликтерин, кемчилдиктерин белгилөө менен бирге райондун аймагында билим берүүгө салым кошкон мыкты мугалимдерди сыйлады.