05 ноябрь 2024

Кароолор: 19

2024-жылдын 5-ноябрында Нарын областынын Ат-Башы районунда туризм тармагынын өнүгүшүнө коомчулуктун көнүлүн буруу жана тажрыйба алмашуу максатында «Туризм Ат-Башы - 2024» иш чара өттү

Иш чарада Кадамжай, Ноокат, Базар-Коргон, Ат-Башы, Айтматов, Кемин жана Жети-Өгүз райондорунун өкүлдөрү жана райондордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрү, Ат-Башы Бизнес Ассоциациясынын өкүлдөрү жана ишкерлер, коомчулук катышып, туризм жана программанын аткарылышында жетишкендиктер менен таанышты.

Туризм багытында өнүгүүнүн жыйынтыктарын карап келечек пландарды коюшту. Андан сырткары Ат-Башы районунун кол өнөрчүлөрүнүн продукцияларынын, эмгектеринин көргөзмө-жарманкесинин жана фото көргөзмөсү менен биргеликте туристтик сезондун жыйынтыктары жана мүмкүнчүдүктөрү менен таанышты.

Жыйынтыгында, райондордон барган өкүлдөр өздөрүнүн өнүгүү шарттарына байланыштуу социалдык-экономикалык өнүгүү программасын түзүп, Координациялык кеңеш менен жигердүү иштээрин белгилеп кетишти.