03 июль 2024

Кароолор: 101

2024-жылдын 6 айынын план тапшырмаларынын аткарлышы боюнча райондук мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бүгүн 2-июль Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткандын жетекчилиги астында райондук мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте жыйын өткөрүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилди.

- Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасынын Жол картасына райондун аймагынан сунушталган инвестициялык долбоорлордун бүгүнкү күндө Бирлик айыл өкмөтү жана Айдаркен, Кадамжай шаардык мэриялары тарабынан аткарылып жаткан иштери;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун учурда райондун аймагында жүрүшү;

- 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү салык план тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө.

- Турак жайларды камсыздандыруудан өткөрүү жөнүндө.

- Райондун экономика тармагын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктарды көрүү жөнүндө.

- КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-февралындагы “Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча” №2-т тескемеси жөнүндө

- Учурдагы туруктуу аба ырайына байланыштуу сел кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү.