11 сентябрь 2024

Кароолор: 85

2024-жылдын 9-сентябрь күнү АДК күнү белгиленди

Райондук айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрүнө майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы акимдин орун басары М.Асанова катышып, АДК айымдарын майрамдары менен куттуктап сыйлыктарын берди. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлдү.

Белгилей кетчү нерсе,

Айылдык ден-соолук комитеттери 2007-жылы түзүлгөн.

2009-жылы КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК ДЕН-СООЛУК КОМИТЕТТЕРИНИН АССОЦИАЦИЯСЫНЫН кезектеги жыйынында 9-сентябрь АДК күнү деп жарыяланган. Ошол күндөн тарта жылына 9- сентябрь АДК күнү белгиленип келет.