11 сентябрь 2024

Кароолор: 107

2024-жылдын 9-сентябрында Кадамжай районунда Комуз күнү белгиленди

Иш чара райондогу Бузейнеп Омурзакова атындагы балдардын музыкалык мектебинин концерттер залында болуп өттү. Комуздун, Камбаркан күүлөрүнүн келип чыгышы жөнүндө музыка мугалими Абдиллаева Венера кеңири баяндама жасап берди.

Андан соң, окуучулар кыргыздын белгилүү күүлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты. Айрыкча, окуучулардан түзүлгөн Исфайрам комузчулар ансамбли “Чоң кербез”, “Маш ботой” жогорку деңгээлде ойноп беришти. Мындан тышкары комуздун коштоосунда кыргыз элинин патриоттук ырлары ырдалып, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүштү. Жалпы, бул иш чарага 64 ата-энелер жана көрүүчүлөр катышты.

Ошондой эле комуз күнү район аймагындагы мектептерде белгиленип өткөрүлдү.