10 февраль 2025

Кароолор: 58

2024-жылдын жыйынтыгы менен Кадамжай району “Жылдын мыкты району” деп табылды

Баткен облусунун 2024-жылды жыйынтыктаган облустук коллегиясы болуп өттү.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шаменов Айбек Асанович баштаган коллегия мүчөлөрү, облус активи катышып, облус башчысы А.Шаменов коллегияда жылдын жыйынтыгы менен Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана аймакты өнүктүрүүдөгү жогорку көрсөткүчтөрдү камсыз кылгандыгы үчүн Кадамжай районун мамлекеттик администрациясы “Жылдын мыкты району” номинациясы менен сыйланды.