30 январь 2024
Кароолор: 171
2024-жылга үрөнчүлүк чарбаларынын ишмердүүлүгүн илгерилетүү тапшырмасы коюлду
Кадамжай районунда бугунку кундө төрт үрөнчүлүк чарба жана бир айыл-чарба шалы өстүрүүчү кооперативи ишмердүүлугүн жүргүзүп келет. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан жана агрардык өнуктүрүү башкармалыгынын башчысы А. Жолдошов о.э. урөн чарбалардын башчыларынын катышуусунда жыйын болуп өттү. Аталган чарбалардагы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү жана сапаттуу үрөн даярдап берүү ишмердүүлүгү талкууланды
Район жетекчиси тарабынан үрөн чарба жана кооператив башчыларына бир катар тапшырмалар берилип, 2024-жылда урөн чарбалардын ишмердүүлугүн жакшыртуу боюнча милдеттенмелер коюлду.
Анда белгилендей, ар бир үрөн чарбада өндүрүлгөн продукцияларын сактоочу кампанын жоктугуна байланыштуу үрөн чарбалардын эсебинен кампаларды куруу жагы, о.э. сапаттуу арзан баадагы үрөн менен дыйкан-фермерлерди камсыздоо тапшырмасы берилди.
Айыл-чарба министрлигинин сунушуна ылайык РФнан алынып келген кылкандуу дан үрөндөрдүн баасы 40%га жана май өсүмдүктөрүнүн баасы 50%га арзандатылды. Буга чейин элита үрөндөрү 59 сомдон сатылып келсе, учурда 36,08 сомдон, ал эми биринчи репродукциядагы үрөндөр 32,06 сомдон сатылууда. Андан сырткары үрөнчулүк чарбалар тарабынан өндүрүлгөн үрөндөр 23 сомдон арзан баада сатылат.
Ал эми бүгүнкү күндө район башчысы тарабынан дыйкан-фермерлерге “Элита” үрөнчүлүк чарбасы жана “Ак-Девзире” айыл-чарба кооперативи тарабынан өндүрүлгөн “Лазер”, “Биллур”, “Садаф” жана “Искендер” сортундагы шалы үрөндөрү жалпы “Элита” үрөнчүлүк чарбасында 4 тонна жана “Ак-Девзире” айыл-чарба кооперативинде 50 тонна үрөнү 120 сомго арзандатылган баада сатуу тапшырмасы коюлду. О.э. үрөнчүлүк чарбаларга, дыйкан-фермерлерге керектүү жаңы сорттогу түшүмдүүлүгү жогору болгон үрөндөрдү өндүрүү учурдун талабы экендиги белгиленди. Мындан сырткары жерлерди максаттуу пайдалануу жана жердин күрдүүлүгүн жогорулатуу тапшырмасы берилди. Жыйынтыгында үрөнчүлүк чарбалардын ишмердүүлүгү 2024-жылдын жыйынтыгы менен каралып, талапка жооп бербеген үрөн чарбаларды жоюу боюнча сунуш берүү же жетекчилерин алмаштыруу маселеси коюлду.