24 июль 2025
Кароолор: 20
2025-жылдын 10-апрелиндеги №272-токтомуна ылайык, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында кабыл алынган иш-пландын аткарылышы боюнча жыйын болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги №272-токтомуна ылайык, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында кабыл алынган иш-пландын аткарылышы боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары Б. Коргонбаев, аппарат жетекчиси М. Абдураимов, Кадамжай шаарынын мэри А. Мурзажанов, ошондой эле район аймагындагы мекеме ишкана жетекчилери катышты.
Катышуучулар №272-токтомдун негизги багыттары, аны ишке ашыруунун этаптары жана күтүлгөн жыйынтыктары боюнча маалымат алышты. Жыйын соңунда бир катар тапшырмалар коюлуп, алардын аткарылышын көзөмөлдөө маселеси да талкууланды.