11 сентябрь 2025
Кароолор: 30
2025-жылдын 11-сентябрь күнү Кадамжай шаарындагы Маданият үйүндө Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.

Майрамдык иш-чарага, Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары М. Айтматов катышып, АДК мүчөлөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады жана эмгеги менен айырмаланган айымдарды сыйлыктар менен сыйлады.
Саламаттык сактоо,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айылдык ден соолук комитеттерине ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, алардын коомдук салымы жогору бааланды.
Белгилей кетчү жагдай:
Айылдык ден-соолук комитеттери (АДК) 2007-жылы түзүлгөн. Ал эми 2009-жылы Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясынын кезектеги жыйынында 9-сентябрь-АДК күнү деп расмий түрдө жарыяланган. Ошондон бери бул дата ар жыл сайын майрам катары белгиленип келет.
АДК-калктын саламаттыгын чыңдоо, алдын алуу иштерин жүргүзүү жана жергиликтүү деңгээлде коомдук саламаттыкты сактоого көмөк көрсөтүүчү маанилүү түзүм болуп эсептелет.